Тарых жана маданият жылына арналган мааракелер кайда кантип белгиленет?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын багымсыздыгына карата арналган мааракенин катышуучулары. Архив
Кыргызстандын багымсыздыгына карата арналган мааракенин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарых жана маданият жылынын алкагында Париж, Нью-Йорк, Эль-Кувейт шаарларында кыргыз маданиятынын күндөрү өтсө, август айында Ата-Бейитте Үркүн окуясына арналган мемориалдык комплекс ачылат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Президенттин жарлыгы менен 2016-жыл Кыргызстанда "Тарых жана маданият жылы" деп жарыяланды. Буга карата мамлекеттик деңгээлде жыл бою маанилүү иш-чаралардын өтүшү каралган. Кайсы жерде кандай иш-чара өтө тургандыгы тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат берди. 

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата өтө турган иш-чараларга февраль айында Стамбулда старт берилет. Андан соң бүткүл түрк дүйнөсүндө мааракеге карата иш-чаралар башталат. Ал эми Бишкекте негизги иш-чара түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен Токмок шаарындагы Бурана тарыхый комплексинде өтмөкчү.

Кызыл желек кармаган концерттин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт быйылкы мааракелик иш-чараларды бекитти
Кыргыз ССРинин 80, Кыргыз АССРинин 90 жылдыктарын өткөрүү үчүн той-аш бергендин ордуна элдин аң-сезимине пайдалуу иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Мааракенин алкагында илимий-практикалык конференциялар, симпозиумдар, форумдар уюштурулуп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандардын эмгеги талкууланмакчы.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 15-февралда Кувейт мамлекетинде кыргыз маданиятынын күндөрү жарыяланат. Үстүбүздөгү жылы Москва, Пекин, Анкара, Париж жана Нью-Йорк шаарларында Кыргыз маданиятынын күндөрүн өткөрүү пландаштырылган.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы 31-августта Ала-Тоо аянтында аскерлердин жана эмгекчилердин парады менен белгиленет. Парадга чет элдик коноктор, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышат. Ошол эле күнү кечинде кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен Спартак стадионунда гала-концерт өтөт.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында август-сентябрь айларында Ата-Бейитте Үркүн окуясына арналган мемориалдык комплекстин ачылышы болот. Мындан сырткары университеттерде, Илимдер академиясында илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп, тарыхый маалыматтарды камтыган китептер басылып чыгат.

Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилөө июнь-июль айларына пландалган. Негизги иш-чара баатыр туулуп өскөн Ак-Талаа районунда өтөт. Ал жерде театрлаштырылган программа тартууланмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0