Тайбоксчу Антонина Шевченко реалити-шоунун жеңүүчүсү болду

© Фото / федерация тайского бокса КРАнтонина Шевченко. Архив
Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Перу клубу үчүн мушташып келген Шевченко реалити-шоуда Түштүк Американын командасына жетекчилик кылган. Финалдык беттеште кыргызстандык спортчуга африкалык команданын капитаны атаандаш болду.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко Infusion реалити-шоусунда финалдык беттешти утуп алганын Тайбокс федерациясы билдирди.

Иш-чара Таиланддын Самуи аралында өттү. Ага Түштүк Америка, Европа, Африка жана Азиядан төрт команда катышты. Эркек мушкерлерден жана атактуулардан турган топторго мушкер айымдар жетекчилик кылышты. 

© Федерация тайского бокса КРТайбоксер Антонина Шевченко с участниками реалити-шоу
Тайбоксер Антонина Шевченко с участниками реалити-шоу - Sputnik Кыргызстан
Тайбоксер Антонина Шевченко с участниками реалити-шоу

Шевченко финалда Африканын капитаны Летисия Бакисини утуп алды. Ага чейин мөөнөтүнөн мурда Азия командасынын лидери Шана Ламмерстин үстүнөн жеңишке жетишкен. Муну менен европалык реалити-шоунун алтынчы сезонунун жеңүүчүсү болуп калды.

Сахнада оюн көрсөтүп жаткан артист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биз сыймыктангандар. Кыргызстанды дүйнөгө даңазалаган 10 инсан
Шевченконун тобундагы Интердин футболчусу Зе Мария да кыргызстандык тайбоксчунун жетеги менен өз беттешүүсүндө атаандашын утуп алды.

Антонинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, финалдык беттеш абдан татаал болуп, К1 эрежеси менен өткөн.

Негизги убакыттын үч раундунан кийин кошумча мөөнөт берилген. Шевченко ыкмаларынын артыкчылыгы менен атаандашын 5:0 эсебинде жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0