"Асман алдында" Индиядагы кинофестивалда эки байгеге ээ болду

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык кинофестиваль бир жумага созулуп, анда кыргызстандык фильм Азия тасмаларынын сынагына катышкан.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Индиянын Бангалор шаарында өткөн VIII Эл аралык кинофестивалга катышкан Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы эки байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 28-январда башталып 4-февралда соңуна чыкты. Кыргызстандык фильм Азия тасмаларынын сынагында ат салышып, калыстардын сынына 1-февраль күнү коюлган.

"Асман алдында" "Азиялык мыкты тасма" деп табылып, мындан тышкары НЕТПАК байгесине ээ болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында Кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган. Жалпы бюджети 6,5 миллион сом. 

Башкы ролдорду Жамал Сейдакматова, Таалайкан Абазова, Анвар Осмоналиев, Нуржигит Канаев, Мунара Дооронбекова, Асан Амановдор ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0