"Азия MIX" командасынын жогорку лигада кимдер менен ойноору белгилүү болду

© Фото / Сергей АндриановКыргызстандын КВН боюнча курама командасы "Азия MIX". Архив
Кыргызстандын КВН боюнча курама командасы Азия MIX. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык шайырлар жана тапкычтар 20-март күнү 1/8 финалга болгон үчүнчү оюнда өнөрүн көргөзүшөт.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын КВН боюнча курама командасы чейрек финалга чыгуу оюнунда Россиялык төрт команда менен ат салышат. Бул туурасында оюндун расмий сайтында кабарланды. 

Азия MIX командасынын капитаны Элдияр Кененсаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" Жогорку, ал эми "Бруклин" борбордук лигага өттү
Бул сезондо жалпысынан 20 команда катышат. Алар төрт топко бөлүнүп, күч сынашат. "Азия MIX" 20-март күнү 1/8 финалга болгон үчүнчү оюнда өнөрүн көргөзөт.

Кыргызстандыктар менен кошо төрт команда "Физтехтин курама командасы" (Долгопрудный шаары), "ГУУ жана МИСиС университеттеринин курама командасы" (Москва), "Уфа" (Башкыртстан Республикасы) жана АГПУ курамасы "Русская дорога" (Армавир) ойнойт. Булардын баары Россиянын атынан чыгышат.

Оюндун жыйынтыгы менен ар бир топтон чейрек финалга үч команда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0