Бишкекте дубалга чегилип тартылган Чокморовдун сүрөтү пайда болду

© Дмитрий ПетровскийDOXA арт-группасы кирпич дубалга болгарка менен кесилип жасаган Чокморовдун сүрөтү
DOXA арт-группасы кирпич дубалга болгарка менен кесилип жасаган Чокморовдун сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай сүрөттөрдү жаратууга Дмитрий Петровский менен Сергей Келлер аны алдын ала карандаш менен тартып алып, андан кийин болгарка, чеккич жана балканы пайдаланат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. DOXA арт-группасы кирпич дубалга болгарка менен кесилип жасаган сүрөттү тартуулады.

Арт-студиянын адистери Сүймөнкул Чокморовдун жаңы сүрөтүн Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырышкан.

© Дмитрий ПетровскийDOXA арт-группасы кирпич дубалга болгарка менен кесилип жасаган сүрөттү тартуулады
1/4
DOXA арт-группасы кирпич дубалга болгарка менен кесилип жасаган сүрөттү тартуулады
© Дмитрий ПетровскийДмитрий Петровский бул сүрөттү алар төрт күн ичинде жасашканын айтып берди
2/4
Дмитрий Петровский бул сүрөттү алар төрт күн ичинде жасашканын айтып берди
© Дмитрий ПетровскийМындай сүрөттү жаратуу үчүн сүрөтчүлөр аны алдын ала карандаш менен тартып алып, андан кийин болгарка, чеккич жана балканы пайдаланышкан
3/4
Мындай сүрөттү жаратуу үчүн сүрөтчүлөр аны алдын ала карандаш менен тартып алып, андан кийин болгарка, чеккич жана балканы пайдаланышкан
© Дмитрий ПетровскийDOXA арт-группасы төрт жыл мурун негизделип, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайына, дубалдарына сүрөт тартып келет.
4/4
DOXA арт-группасы төрт жыл мурун негизделип, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайына, дубалдарына сүрөт тартып келет.
1/4
DOXA арт-группасы кирпич дубалга болгарка менен кесилип жасаган сүрөттү тартуулады
2/4
Дмитрий Петровский бул сүрөттү алар төрт күн ичинде жасашканын айтып берди
3/4
Мындай сүрөттү жаратуу үчүн сүрөтчүлөр аны алдын ала карандаш менен тартып алып, андан кийин болгарка, чеккич жана балканы пайдаланышкан
4/4
DOXA арт-группасы төрт жыл мурун негизделип, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайына, дубалдарына сүрөт тартып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги менен маектешип жатып долбоор катышуучусунун бири Дмитрий Петровский бул сүрөттү алар төрт күн ичинде жасашканын айтып берди.

"Жаңы курулган имараттын дубалдарынын ички бетине сүрөт тартып берүүбүздү өтүнүштү. Биз жаңы техника болгон сүрөттөрдү кесип жасоону сунуштадык. Бул жерде белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элесин түшүрүүнү туура көрдүк", — дейт Петровский.

Ал аталган жаңылык жакын арада шаардын башка көрүнүктүү жайларында да пайдалана турганына ишеним артат.

"Балким, кайсы бир көчөгө асымы берилген инсандын сүрөтүн чегербиз. Азырынча конкреттүү пландарыбыз жок", — дейт долбоордун мүчөсү.

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр "Дүйнөнүн мобилдүү кубогунда" үчүнчү орунду ээлешти
Мындай сүрөттү жаратуу үчүн Дмитрий Петровский менен Сергей Келлер аны алдын ала карандаш менен тартып алып, андан кийин болгарка, чеккич жана балканы пайдаланышкан.

DOXA арт-группасы төрт жыл мурун негизделип, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайына, дубалдарына сүрөт тартып келет. Топ Боом капчыгайындагы тарткан чуулгандуу сүрөтү менен аты чыккан. Бул сүрөткө жарандык активисттер каршы пикирин билдирип келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0