Режиссер: тасма тартууда үшүп-тоңуп, чын эле Үркүндөгүдөй абалга кабылдык

© Sputnik / Роман Денисов / Медиабанкка өтүүТоодо жылкы жетелеген адам. Архив
Тоодо жылкы жетелеген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз элинин улуттук боштондук кыймылын тасма кылып тартуу демилгеси "Саякбай манасчы" коомдук фондусуна таандык.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Үркүн тууралуу тасманын 20-30 пайызы тартылып бүтүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын режиссеру Медин Учкаев билдирди.

Тасма тартуу иштери 9-февраль күнү Жууку ашуусунда башталган. Режиссердун айтымында, кышкы эпизоддор тартылып, актерлор 20-30 градус суукта иштешкен.

"Арасында кары-жашы бар. Үшүп-тоңуп, чын эле Үркүндөгүдөй абалга кабылдык. Актерлорго медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Сууктап камералар тоңуп калып жатат", — дейт Учкаев.

Эми ашуунун өзү эмес, тоонун этеги тартылат. Режиссер тасманы тартуу май айлары менен аяктап, сентябрда элге тартууланарын белгиледи.

Кыргыз элинин улуттук боштондук кыймылын тасма кылып тартуу демилгеси "Саякбай манасчы" коомдук фондусуна таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0