Сариев: өлкөдө кыргыз чыгармалары камтылган адабий портал түзүлөт

Жазылуу
Премьер-министр кыргыз жазуучуларынын маданият тармагындагы орду чоң экенин белгилеп, өкмөт бул жаатта кам көрүүнү күчөтүү боюнча иштерди алып барарын билдирди.

БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Өлкөдө кыргыз чыгармалары камтылган адабий портал түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловду кабыл алуу учурунда билдирди.

Көз айнек жана калем. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте чыгармачыл союздардын конфедерациясы түзүлдү
Маалыматка ылайык, жолугушууга маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Эл жазуучу Султан Раев катышып, анда кыргыз адабиятынын учурдагы абалы, чыгармачыл интеллегенциянын коомдогу ордун жогорулатуу жана кам көрүүнү күчөтүү боюнча маселелер талкууланды. 

Премьер-министр кыргыз жазуучуларынын маданият тармагындагы орду чоң экенин белгилеп, өкмөт бул жаатта кам көрүүнү күчөтүү боюнча иштерди алып барарын билдирди. Ошол эле учурда Сариев жазуучулар өз чыгармаларды тартуулоодо заман талабына жараша ыкмаларды колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы бул жаатта кыргыз жазуучуларынын чыгармалары камтылган адабий портал түзүү жана анда автордук укуктары сакталган чыгармаларды топтоо боюнча маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовго тапшырма берди.

Премьер-министр Жазуучулар союзунун учурдагы маселелерин чечүү жана адабий басылмаларды колдоо багытында атайын каражат бөлүп берүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0