Кыргызстанда биринчи жолу билим берүүчү мультфильмдер тартылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМультфильм жасоо. Архив
Мультфильм жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар долбоордо жалпы жонунан 10 серия тартуу каралганын, учурда анын бешөө даяр болгонун маалымдашты.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүчү мультфильмдер чыгарыла баштаганын долбоордун жетекчиси Замира Сатыбалдиева билдирди.

Анын айтымында, бул индиялык ишкерлер менен жүзөгө ашып жаткан долбоордун учурда беш сериясы тартылып бүттү, алдыда дагы беш серия тартылмакчы.

"Анимациялык фильмдерде тамгаларды да, санаганды да ыр, музыка аркылуу үйрөтүү каралган. Балдардын кабыл алуусу үчүн абдан жеңил. Керек болсо бир жаштагы наристени да кызыктыра алат", — дейт Сатыбалдиева.

Ал мындай иштерди Кыргызстан өз алдынча улуттук колориттин негизинде ишке ашырса жакшы болор эле деген тилегин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0