"Ника" сыйлыгын алууда "Сүтак" тасмасынын атаандаштары аныкталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүү"Ника" сыйлыгы. Архив
Ника сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи 2016-жылдын 1-апрелинде өтөт. Жеңүүчүлөргө байгелер Москва шаарындагы мамлекеттик "Русская песня" музыкалык фольклор театрынын залында тапшырылат.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Россиянын кинематографисттер академиясы тарабынан негизделген "Ника" сыйлыгына "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясы боюнча ат салышууда. 11-мартта аталган номинация боюнча ат салыша турган башка чет элдик тасмалардын тизмеси жарыяланды.

"Ника" сыйлыгын тапшыруу аземи 2016-жылдын 1-апрелинде өтөт. Жеңүүчүлөргө байгелер Москва шаарындагы мамлекеттик "Русская песня" музыкалык фольклор театрынын залында тапшырылат. 

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бангладеште өтө турган эл аралык кинофестивалга 4 кыргызстандык тасма тандалды
Маалыматка ылайык, "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясы боюнча беш тасма ат салышат. Алар: "Сүтак" (Кыргызстан), "1944" (Эстония), "Кавказское трио" (Грузин), "Песнь Песней" (Украина), "Покой нам только снится" (Литва). 

"Сүтак" — адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тасма. "Айтыш-фильм" тарабынан "Ой Арт" студиясы менен биргеликте тартылган тасма бир катар эл аралык кинофестивалдардын баш байгесин багындырган.

"Ника" сыйлыгы 1988-жылдан бери тапшырылып келет. 90-жылдан тарта жеңүүчү жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Мыктылар жеңиштин канаттуу периштесинин элеси чагылдырылган статуэткага ээ болушат. Сыйлыкты Юлий Гусман негиздеп, анын көркөм жетекчиси болсо, Андрей Кончаловский 604 академиктин башын бириктирген киноакадемиянын президенти.

Жаңылыктар түрмөгү
0