Сахнадагы театр артисти. Архив

Чүй облустук театры улуттук драма театрын жеңип алды

91
(жаңыланган 13:18 13.03.2016)
Бишкекте Театрлар таймашынын экинчи беттешүүсү өттү. Калыстар тобу упай чегерүү менен жеңишти Чүй облустук театрга ыйгарышты.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Театрлар таймашынын экинчи беттешүүсүндө Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театры менен беттешкен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры жеңишке жетишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Кундуз Качкынбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 11-март күнү өткөн. Театр жамааттарын трагедиядан Уильям Шекспирдин "Ричард III", драмадан Мар Байжиевдин "Төрт адам" жана комедия жанрынан Токтоболот Абдымомуновдун "Маашырбек үйлөнөт" чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышкан.

Калыстар тобу упай чегерүү менен жеңишти Чүй облустук театрга ыйгарышкан. 

Театрлар таймашы аталган министрлик тарабынан демилгеленип, алгачкысында Мамлекеттик "Учур" жаштар театры менен сахнага чыккан Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры жеңип кеткен.

91
Белгилер:
драма, трагедия, калыс, таймаш, театр
Тема боюнча
Театрлар таймашынын алгачкы беттешүүсүнүн мыктысы аныкталды
Швейцарияда өтүүчү эл аралык кинофестивалда "Курманжан датка" тасмасы көрсөтүлөт
Сахнадагы микрофон. Архив

Күздө Бишкекте “Орто Азия романсиадасы” аттуу конкурс өтөт

38
(жаңыланган 08:48 03.08.2020)
Кыргызстандагы конкурстун жеңүүчүсү Москвада боло турчу “Романсиадалар” сынагынын финалына жолдомо алат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте 29-30-октябрь күндөрү орус романстарын аткаруучулары арасында “Орто Азия Романсиадасы” аттуу IV эл аралык ачык конкурс өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар маалымдады.

Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын “Романс үйү” жана “Гармония” орус маданий борбору Россиянын КРдеги элчилигинин жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурууда. 

Аталган конкурстун жеңүүчүсү 5-декабрда Москвада боло турчу “Романсиадалар” финалына жолдомо алат.

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

Уюштуруучулар чыгармачылык тармагындагы жогорку окуу жайлардын студенттерин, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин жана музыкалык мектептердин окуучуларын сынакка чакырат. Ошондой эле башка тармактагы орус романсын сүйүүчүлөрү дагы катыша алат.

Жеңүүчүлөрдү РФ эмгек сиңирген артисти, Москва “Романстар үйүнүн” директору, профессор Галина  Преображенская башында турган эл аралык калыстар тандап алат.

Катышууну каалагандар төмөнкү шилтеме аркылуу табыштама жибере алат.

Байланыш телефондору: 0312 300-512, 0312 300-543, 0555 914-028;

38
Белгилер:
Россия, Бишкек, конкурс
Тема боюнча
КР окумуштуулары Индиядагы маанилүү сессияга чакырылды. Катышуу жолу
Россиядагы эң белгилүү жана заманбап чыгарманы аныкташты

Билли Айлиштин жаңы клибин сутка ичинде бир нече миллион адам көрдү

407
Америкалык ырчы Билли Айлиш "My future" деп аталган жаңы ырынын клибин жарыкка чыгарды. Роликти режиссер Эндрю Онорато анимация стилинде тарткан.

Ырчы чыгармасында өзүнүн келечегин сүйүп калып аны менен жолугуша турган күндү күтүп жүргөнү жөнүндө баяндайт.

"Биз бул композицияны карантин башталарда жазганбыз. Ал чындыгында жеке өзүмө таандык жана мен үчүн өзгөчө орду бар. Бул чыгарманы жаратып жатканда менин аң-сезимимди үмүт, кубаныч жана өзүн-өзү өнүктүрүү тууралуу ойлор ээлеп турду", — деп айткан Айлиш.

Кыргызстандык кыз Түркиянын тарыхый ырын аткарып, аны Эрдоган бөлүштү. Видео

Клип YouTube каналына коюлгандан бир сутка өткөн соң төрт миллиондон ашык адам көргөнү анык болуп, миллион "лайк" белгиси коюлган. Ал эми жактырбагандар 10 миң адам болгон.

Билли Айлиштин "My future" чыгармасы январь айында Жеймс Бонддун "No time to die" киносунун башкы музыкасы катары аткарган ырынан кийинки биринчи эмгеги.

407
Белгилер:
Билли Айлиш, Америка, чыгарма, клип, ырчы
Тема боюнча
Мирбек Атабековдун "Мурасын" дал өзүндөй аткарган россиялык ырчы кыз. Видео
Кан тапшырып жаткан аял. Архив

Пульмонолог: КРде COVID-19ду дарылоого плазма колдонулбайт

0
(жаңыланган 09:23 04.08.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологунун айтымында, плазма келечекте колдонулушу мүмкүн. Бирок учурдагы протокол ага жол бербейт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19ду дарылоо үчүн коронавирустан сакайгандардын канынын плазмасы колдонула элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев “Дарыгерге сөз” берүүсүндө айтты.

Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу

"Кыргызстандын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн алгоритминде COVID-19ду дарылоо үчүн коронавирустан сакайгандардын канынын плазмасын колдонуу каралган эмес. Плазма куюу — бул өтө оор процесс. Социалдык тармактарда райондордун биринде плазма колдонулуп жатат деп айткандар бар экен. Бул туура эмес маалымат”, — деди пульмонолог.

Анын айтымында, плазма келечекте колдонулушу мүмкүн. Бирок учурдагы протокол ага жол бербейт.

0
Белгилер:
кан, плазма, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Сатыбалдиева: коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок