Филармония Ысык-Көлгө барып концерт берет

Жазылуу
"Тарых жана маданият" жылына карата пландаштырылган иш-чара облустагы драма театрынын имаратында өтөт.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жамааты Ысык-Көл облусуна ири программадагы концерт менен бара турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Сахнадагы театр артисти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй облустук театры улуттук драма театрын жеңип алды
Маалыматка ылайык, "Тарых жана маданият" жылына арналган иш-чара Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында 17-18-март күндөрү өтөт.

"Улуттук филармония ыр-күү сунат жалпыга, касиеттүү Ысык-Көлдүн калкына" аттуу концертке Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри, Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Түгөлов атындагы Мамлекеттик "Ак марал" бий ансамбли, "Эл ырчысы Эстебес" жана "Эл шайырлары" фольклордук топтору катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0