Бишкекте "Сүмөлөк-2016" фестивалы өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКазанда бышырылган сүмөлөк. Архив
Казанда бышырылган сүмөлөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара этно-комплекстердин биринде 20-21-март күндөрү Нооруз майрамына карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Бишкекте "Сүмөлөк-2016" фестивалы өтөөрүн мамлекеттик Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы билдирди. 

Иш-чара этно-комплекстердин биринде 20-21-март күндөрү Нооруз майрамынын урматына болот. 

"Мааракени "Кыргыз тилектештиги" коомдук фонду уюштуруп жатат. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген өкүлдөр катышат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Фестивалдын салтанаттуу ачылышы 20-март күнү саат 14:00 болот. Ага баардык каалоочулар катыша алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0