Режиссер Козукеевдин "Саманчынын жолу" спектаклине I даража ыйгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театры. Архив
Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спектаклдин бет ачары февраль айында болгон. Чечимди министрлик алдында түзүлгөн көркөм эксперттик кеңеш чыгарды.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде сахнага коюлган Марат Козукеевдин "Саманчынын жолу" спектакли эң жогорку I даражага ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто айтыш боюнча эл аралык таймаш өтөт
Эскерте кетсек, коюлуп жаткан чыгармалардын сапатын жакшыртуу жана театр жамааттарынын ортосунда атаандаштыкты жогорулатуу үчүн даража ыйгарууну депутат Садык Шер-Нияз демилгелеген.

Козукеевдин "Саманчынын жолу" спектаклинин бет ачары февраль айында улуттук драма театрында аншлаг менен өткөн. Министрлик тарабынан түзүлгөн көркөм эксперттик кеңеш спектаклди көрүп чыгып, ага I даража ыйгарды.

Буга чейин министр Алтынбек Максутов спектаклдерге даража берүү жобосу иштелип чыгып, ал 7-8 критерийдин негизинде караларын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0