Тыныбек манасчынын айтуусундагы Семетейдин үзүндүсү китеп болуп чыгат

Жазылуу
Учурда китеп басууга берилген. Түзүүчүсү — Тыныбек манасчынын небереси, Кыргыз Эл артисти Табылды Актанов.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Даңазалуу манасчы Тыныбек Жапый уулунун айтуусундагы “Семетей” эпосунун үзүндүсү китеп болуп чыга турганын “Саякбай манасчы” коомдук фондусунун мүчөсү Улан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, учурда китеп басууга берилген. Түзүүчүсү — Тыныбек манасчынын небереси, Кыргыз Эл артисти Табылды Актанов.

“Китепте Тыныбек манасчынын “Семетейдин Үргөнчтү кечкени” атуу окуясы камтылган. Мындан тышкары, Актан Тыныбековдун санжырасы, окуялары менен бирге Табылды Актановдун чыгармалары да кирет”, — деди Исмаилов.

Манасчы китеп март айынын соңу менен жарыкка чыгарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0