БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган Андрей Кончаловскийдин "Биринчи мугалим" тасмасына Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынан кайрадан кыргызча дубляж жасалды. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин жасалган кыргызча дубляждын варианты сакталбай калгандыктан, тасманы санарипке өткөрүү, көбөйтүп таратуу мүмкүн болбой калган. Ошондуктан, киностудия кайрадан дубляж жасоо чечимин чыгарган.Дубляжтын режиссеру Токтобек Үсөнов болду. Башкы ролдогу Дүйшөндүн (Болот Бейшеналиев) үнүн кыргыз улуттук драма театрынын актеру Салидинов, Алтынайдын (Наталья Аринбасарова) үнүн Бейшеналиева атындагы искусство университенинин актерлук чеберчилик боюнча окуган 5-курстун студенти Динара Идрис кызы коштоду.
Калган үндөрдү белгилүү кино жана театр актерлору Табылды Актанов, Тынара Абдразаева, Марат Жанталиев, Жолдошбек Жанжигит уулу, Бакыт Мукул жана башкалар коштоду.
"Бөрү зындан" фильми 1983-жылы тартылып, анын сценарийин Болот Шамшиев менен казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуянын негизинде жазган. Операторлук милдетти Манас Мусаев аткарган. Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коом көрсөтүлгөн. Муну менен режиссёр 1960-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөтүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге эскертүү кылган. Кинону тартуу иштерине Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитети көмөктөшкөн. Себеби ал учурдагы абалды Москвага чейин жеткирүү зарыл болгон. Андан сырткары, Шамшиевдин бул эмгеги 1973-жылы бүткөн "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин уландысы болгон.
Кинокартина соңуна чыкканда көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, Союз маалында аны 21 миллиондон ашык адам көргөн.
Режиссёр көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:
"Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген далилдерди келтирген. Аны Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен кино прокатка чыккан. Бирок апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" СССРде абдан популярдуу болуп, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү", — деген Шамшиев.Эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Айтурган Темирова, Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев тартылып, роль жаратышкан.
Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
"Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. "Бөрү зындан" жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
Сүймөнкул Чокморов "Бөрү зындан" фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, "мушташкан" актёрлор
Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.
Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өткөн иш-чарага Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү катышкан.
Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.Айтматованын аталган эскерүү китебинде ХХ кылымдын 37-жылында респрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.
Кыргызпатент тарабынан басмадан чыгарылган китептин 200 даанасы авторго берилген. Ал эми калгандары республиканын бардык китепканаларына жиберилген. Ал эми кызыккан окурмандар китептин электрондук версиясын Кыргызпатенттин расмий сайтынан кыргыз жана орус тилдеринде окуй алышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC 257 турниринин алдында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье көз караштар таймашын өткөрүштү. Видео уюмдун расмий Instagram баракчасына жүктөлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Видеодон Конор Дастинге сес көрсөтүмүш болгону менен акырында экөө тең күлүп, кучакташып, жадагалса тамалашканга да үлгүрүшкөн.
Бул иш-чара спортчулар салмакка түшкөндөн кийин уюштурулган. Таразага түшкөн Макгрегор адатынча кыйкырып алганын көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.