Андрей Стенин атындагы сүрөт сынагы эмгектерди кабыл алууну токтотту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАндрей Стениндин элесине арналган көргөзмө. Архив
Андрей Стениндин элесине арналган көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык сынак өзүнө беш континентти камтыйт. ЮНЕСКО иштери боюнча комиссия алты миң эмгек кабыл алды.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагына дүйнөнүн 71 мамлекетинен 6000 эмгек келди. 

Сынак өзүнө беш континентти, анын ичинде Европа, Түндүк жана Түштүк Америка, Африка, Жакынкы Чыгыш, Австралия жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерин камтыды.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо жана аларды сыйлоо аземи 2016-жылдын август айында өтөт. Мыкты деп таанылган журналисттерге акчалай сыйлык тапшырылып, Россия жана башка мамлекеттерде иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилет. 

Фотожурналист Андрей Стенин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стениндин жаркын элесине арнап "Россия сегодня" альбом чыгарды
Сынак беш номинациядан түзүлгөн: "Менин өлкөм", "Дүйнө түсү. Жашоо гармониясы", "Портрет. Биздин замандын баатыры", "Башкы жаңылыктар" жана "Спорт". 

Калыстар тобунун добушу менен ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. 

Мындан сырткары өзгөчө 500 миң рубль өлчөмүндөгү Гран-при сыйлыгы да тапшырылат.

Аталган фотожурналистика сынагы эл аралык "Россия сегодня" маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат. 

"Россия сегодня" маалымат агенттигинин кызматкери Андрей Стенин 2014-жылы 6-августта Украинанын түштүк-чыгышында курман болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0