Бүбүсара Бейшеналиеванын элесине арналган балет фестивалы өтөт

© Фото / Александр ФедоровСССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын айкели. Архив
СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын ачылыш аземи 15-майга белгиленип, программасы бекитилди. Иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталмакчы.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте балет искусствосунун эл аралык фестивалы өтө турганын Тарых жана маданият жылын даярдоо боюнча мамлекеттик дирекция билдирди.

Иш-чара Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 15-21-май күндөрү өтүп, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын жаркын элесине арналат. Быйыл атактуу бийчи 90 жашка чыкмак.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын жети сулуусу. Эмгек, талант жана дарамет
Фестивалга орус балетинин жылдыздары, Россия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын солисттери катышат. Программага дүйнөлүк балет классикасынын көч башында турган чыгармалар тартууланат. 

Мындай масштабдуу иш-чара Кыргызстанда төртүнчү ирет өтөт. Фестивалдын ачылышы 15-майга белгиленип, Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев жана Владимир Ференин "Айчүрөк" операсы менен башталат.

17-майда көрүүчүлөргө Адольф Аландын "Жизель", 19-май күнү петр Чайковскийдин "Лебединое озеро" балеттери тартууланат. 

Фестиваль 21-май күнү ири гала-концерт менен аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0