Юристанбек Шыгаевдин сүрөттөрүнүн музейи Ысык-Көлдө ачылат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМузейдин көрүүчүлөрү. Архив
Музейдин көрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музейге Кыргыз эл сүрөтчүсүнүн эмгектеринен тышкары бир нече өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүрөттөрү коюлат. Кажы-Сайда жайгаша турган музейдин ачылышы сентябрь айына пландаштырылган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Күзүндө Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин эмгектери коюла турган музей ачыла турганын Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция билдирди.

Анда белгилүү сүрөтчүнүн жана Япония, Россия, Германия, Казакстан, Молдова менен Түркиядагы кесиптештеринин автордук эмгектери коюлат.

"Ички руханий дүйнө менен маданият дайым өнүгүп туруусу керек. Бул музейге өзүмдүн жана менин досторумдун сүрөттөрүнөн турган коллекция тартууланат", — деди Шыгаев.

Коллекция сүрөтчүнүн студенттик жылдарынан бери чогултулуп келген. Бүгүнкү күндө архивде 1000ден ашуун эмгек чогултулган.

"Музейдин базасында бардык каалоочулар окууга мүмкүнчүлүк ала турган мектеп ачылат. Ал эми мектепте белгилүү сүрөтчүлөрдүн катышуусу менен ар кандай тренингдер жана мастар-класстар пландаштырылган", — деди сүрөтчү.

Дирекция Кажы-Сайда жайгаша турган музейдин калыбына келтирүү жана ремонт иштери сентябрга чейин аяктай турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0