Энелер күнүнө карата акындар арасында сынак жарыяланат

Жазылуу
Ырдын көлөмүнө чек коюлбайт. Сынакка чыгармалар 25-апрелге чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Энелер күнүнө карата жаш калемгерлер арасында "Менин энем" аттуу сынак жарыялай турганын билдирди.

Салбурун оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына карата окуучулар үчүн сүрөт сынагы өтүүдө
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде жашаган 16 жаштан 35 жашка чейинки акындар "Эне" темасындагы ырлары менен катыша алат. 

Мында буга чейин конкурстарга катышпаган чыгарма болушу шарт. Ал эми анын көлөмүнө эч кандай чек коюлбайт. Ырлар үстүбүздөгү жылдын 25-апрелине чейин кабыл алынат. 

Сынакка катышкан чыгармалар калыстар тобуна купуя ысым менен тапшырылып, жыйынтык чыгарылат.

"Менин энем" сынагы мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жаш калемгерлерди колдоо жана аларга дем берүү, энелерди даңктоо максатында уюштурулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0