Раев: Тарых жана маданият жылында белгиленген иш-чаралар өз маалында өтүп жатат

© Sputnik / Айша КамиловаТарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев. Архив
Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр быйылкы Тарых жана маданият жылын жогорку деңгээлде өткөрүү, аны уюштурууга өзгөчө маани берүү керектигин жана бардык мамлекеттик органдар коюлган иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга жооптуу экенин эскертти.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Тарых жана маданият жылына карата белгиленген 78 мамлекеттик иш-чара өз мөөнөтүндө аткарылып жатат. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев уюштуруу комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жылдын алкагында бир нече маданий, илимий иш-чаралар, эл аралык балдардын тил жана маданият фестивалы, Бишкек шаарында балет фестивалы, этно маданияттардын фестивалы, сүрөтчүлөрдүн эл аралык фестивалы жана музейлер жумалыгы өткөрүлөт. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхый-маданий атластардын жаңы варианттары даярдалат.

Күлкү, шаң жана ачык маанай. Борбор калаада маскарапоздордун фестивалы өттү
Премьер-министр Темир Сариев быйылкы Тарых жана маданият жылын жогорку деңгээлде өткөрүү, аны уюштурууга өзгөчө маани берүү керектигин жана бардык мамлекеттик органдар коюлган иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга жооптуу экенин эскертти.

Өкмөт башчы быйылкы иш-чаралардын алкагында маданиятты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экенин эске салып, бул жааттагы иштерди активдештирүүнү тапшырды. 

Ошондой эле Финансы министрлигине бул багытта каралган каржы булактарын өз мөөнөтүндө бөлүп берүүгө милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0