"Сүтак" бир жума бою "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Ника" сыйлыгына таткан "Сүтак" тасмасы. Архив
Ника сыйлыгына таткан Сүтак тасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде "Сүтак" тасмасы "Ника" сыйлыгына татып, КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринин мыкты тасмасы аталды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россиянын "Ника" сыйлыгына ээ болгон Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы эртең, 6-апрелден тарта Бишкек тургундарына тартуулана баштайт. Бул тууралуу тасманын тең продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, "Сүтак" тасмасы көпчүлүктүн суроо-талабынан улам көрсөтүлөт. 

"Фильм Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын "Айтыш" залында бир жума бою тартууланат. Бир күнгө жети сеанс белгиленди. Эгер көрүүчүлөр көп болсо мөөнөтү узарат", — деди Койчуманова.

Фильм Небесное кочевье (Сутак) - Sputnik Кыргызстан
"Сүтактын" режиссеру: "Ника" тууралуу СМСтен билдим
Эскерте кетсек, буга чейин бир топ дүйнөлүк фестивалдарда баш байгелерди ээлеп келген "Сүтак" тасмасы 1-апрелде "Ника" сыйлыгына татып, КМШ жана Балтика мамлекеттеринин мыкты тасмасы аталды.

Апрель айынын орто ченинде "Ника" сыйлыгына талапкер болгон тасмалар москвалык көрүүчүлөргө тартууланат. "Сүтак" сыйлыкка ат салышкан Грузия, Украина, Эстония жана Литва мамлекеттеринин тасмалары менен биргеликте 16-апрель күнү көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0