Бишкекте Санкт-Петербургдун балет мектеби ачылат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүСахнадагы балет бийчилери. Архив
Сахнадагы балет бийчилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мектепте Россиядан келген атактуу бийчилер сабак берип, Санкт-Петербургдагы Мариин театрынын жылдыздары мастер-класс өтөт.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкекте Санкт-Петербургдун балет мектеби ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мектептин көркөм жетекчиси, Санкт-Петербургдагы Мариин театрында 20 жылдан ашуун эмгектенген Валерий Коньков билдирди. 

Балет мектебинин ачылуу аземи 9-апрель күнү болот.

"Аталган бий мектепте үч жаштан беш жашка чейинки жаш балдарга классикалык жана заманбап багыттагы ийримдер ачылат. Мындан сырткары, бардык каалоочулар сабак алса болот", — дейт Коньков. 

Ал кошумчалагандай, аталган мектепте Россиядан келген атактуу бийчилер сабак берип, Санкт-Петербургдагы Мариин театрынын жылдыздары мастер-класс өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0