Музыканттар бишкектиктерге комуз жана скрипка күүсүн тартуулашат

© Sputnik / Табылды КадырбековМузыканттар репетиция учурунда. Архив
Музыканттар репетиция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 9-апрель күнү саат 16:00до Эркиндик проспектисинде болот.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкекте "Музыкалык Эркиндик" аталышында көчө музыканттарынын флешмобу өтөрүн арт-студиясынын музыканты Виктория Юртаева билдирди. 

Аталган иш-чара 9-апрель күнү саат 16:00до Эркиндик проспектисинде болот. 

"Демилгени 20га чукул музыкалык топ колдоого алып, Эркиндик проспектисиндеги жолоочуларга музыкалык аспаптарда ойноп берүүгө макул болушту", — дейт Юртаева. 

Ал кошумчалагандай, музыканттар комузда, гитарада, диджерида, бубен, варган, фортепиано жана скрипкада ойноп, бийлешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0