"Сүтак" тасмасына Ингушетия да баа берди

© предоставлено Алтынай Койчумановой"Сүтак" тасмасынан кадр. Архив
Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасма дипломго "Мурунку СССР аймагында жашаган элдердин шериктештик темасын ачып бергени" үчүн татыган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы  Ингушетияда өткөн "Алтын мунара" эл аралык кинофестивалда диплом жана баалуу байгеге ээ болгонун "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

"Сүтак" бир жума бою "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт
Кыргызстандык тасма дипломго "Мурунку СССР аймагында жашаган элдердин шериктештик темасын ачып бергени" үчүн татыган.

Маалыматка ылайык, кинофестивалга дүйнөнүн ар бурчунан келген 30га чукул тасма катышты.

Учурда "Сүтак" тасмасы Стамбулда өтүп жаткан "Алтын жоогазын" эл аралык кинофестивалда ат салышып жатат. Сынактын жыйынтыгы 17-апрель күнү чыгары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0