Улуттук театрда "Улуу Бхарата урпактары" спектаклинин премьерасы болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив
Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул спекталь кыргыз улуттук академиялык драма театрынын тарыхындагы эл аралык алгачкы долбоор болуп калмакчы.

БИШКЕК, 12-апр.— Sputnik. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында индиялык "Улуу Бхарата урпактары баяны" тарыхый-эпикалык драмасынын премьерасы коюлат. Бул туурасында аталган театрдын кызматкери Алтынай Темирова маалымдады.

19-20-апрелде коюла турган спекталь улуттук театрдын тарыхында эл аралык алгачкы долбоор болуп калмакчы.

"Улуу Бхарата урпактары" спектакли, байыркы Индостандын улуу эпосу "Махабхаратанын" өзөк окуясынын негизинде кыргыз сахнасында алгач ирет коюлуп жатат. 

"Чыгармада эң башкысы — дүйнөдө тынчтык баарынан маанилүү экендигин баса белгилөө. Бийик поэтикалуу, даанышман жана жаңычыл креативдүү чечилиштерге бай, философиялуу притча, оригиналдуу көркөм жасалгаланышы менен да өтө таасирдүү",— деп билдирди Темирова.

Чыгарманы сахнага режиссер Шамил Дыйканбаев коюуда. Башкы ролдорду КРдин Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев, актрисалар Айсалкын Кыйыкбаева, Шайыр Касмалиева баш болгон чыгармачыл топ ойнойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0