"Ак Илбирс" үчүн ат салыша турган тасмалар белгилүү болду

© Фото / пресс Ак Илбирс"Ак Илбирс" сыйлыгы. Архив
Ак Илбирс сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлыкка жалпы жонунан 38 тасма түшкөн. Анын 10у толук метраждуу, 23ү кыска метраждуу жана бешөө даректүү тасма.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгына ат салышуу үчүн жалпысынан 38 тасма келип түштү. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунун уюштуруу комитетинин катчысы Талант Төлөбеков билдирди.

Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" Германияда прокатка чыгып, 30 шаарында көрсөтүлмөй болду
Маалыматка ылайык, учурда арыздарды кабыл алуу токтотулду. 38 тасманын ичинде 10 толук метраждуу, 23 кыска метраждуу жана 5 даректүү тасма бар. 

Аталган сыйлыкка 2015-жылы өндүрүштөн чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар ат салышат. Мындан төрт жыл мурун негизделген иш-чара 14 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация кошулган.

Сыйлык тапшыруу аземи 15-майда "Манас" кинотеатрында өтөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — "Ак Илбирс" киносыйлыгынын эл аралык маалымат өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0