"Азия MIX" КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына чыкты

© Фото / Марат Джуманалиев"Азия MIX" командасынын оюнчулары. Архив
Азия MIX командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жарым финалга эки команда чыккан. Чейрек финалдын экинчи оюну жума күнү Москвада өттү.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкектин "Aзия MIX" командасы КВНдин жарым финалына чыкканы тууралуу маалымат оюндардын эл аралык бирикмесинин сайтына жайгаштырылды.

15-апрель күнү Москвада КВН оюндарынын чейрек финалдык беттешүүсү болду. Буга чейин кыргызстандык команда финалдын 1/4 бөлүгүнө биринчи орундан чыккан.

Өлкөнүн бокс боюнча чемпиону, Азия Mix квн командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIXтеги" Маратик: КВНге чейин Валуев менен мушташкам
Чейрек финалдык оюнда КРдин командасы Москва мамлекеттик чоң циркинин курамасы, "Русская дорога" (АГПУ, Армавир) жана МФЮАнын (Москва финансы-юридикалык университети, Москва — Волгоград) курамасы менен ойнойт.

8-апрелде биринчи топтун командалары үчүн чейрек финал өткөн. Жарым финалга регламент боюнча эки команда өттү — "Доброжелательный Роман" (Санкт-Петербург) жана "Радио Свобода" (Ярославль). "Доброжелательный Роман" командасы биринчи орундан дароо жарым финалга өткөнү үчүн 400 миң рублга ээ болду. 

Бул сезондо 20 команда күч сынашууда. Былтыр октябрь айында "Азия MIX" КВНдин жогорку лигасынын финалына чыга албай калган.

Ал эми 2015-жылы "Голосящий КиВиН" музыкалык фестивалында байгеге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0