Атамбаев опера жана балет театрынын эмгек жамаатынын айлыгын көбөйтүүнү тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев Кыргыз улуттук Опера жана Балет театры. Архив
Абдылас Малдыбаев Кыргыз улуттук Опера жана Балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент театрды келерки жылы сөзсүз түрдө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Абдылас Малдыбаев Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын эмгек жамааты менен жолукканда алардын айлыгын көтөрүү боюнча өкмөткө тапшырма берди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Президент театрды толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө кете турган чыгымды келерки жылдын бюджетине киргизүүнү тапшырды.

Өлкө башчы менен жолуккан артисттер театрдагы ийгиликтер менен катар эле күнүмдүк-социалдык чарбалык маселелер бар экенин айтышты. Андан сырткары, оркестрдин музыкалык аспаптарын жаңылоо, репертуарды кайра жандандыруу, жаш кадрларды театрга тартуу туурасында да сөз болду.

Жолугушууга президенттен тышкары вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева, маданият, туризм жана маалымат министри Алтынбек Максутов, финансы министри Адылбек Касымалиев катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0