Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы башталды

© Sputnik / Азамат АйтбаевКомузчулар. Архив
Комузчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумалык кыргыз элинин улуттук өнөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Анда сынактардан тышкары, семинар, көргөзмө, конференциялардын өтүшү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Сочидеги Новая Волна фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагынын финалына өттү
Маалыматка ылайык, жумалыктын алгачкы күнү дастанчылык өнөргө арналган. Учурда борбор калаада айтуучулук, улуттук аспаптарда ойноо боюнча жарыяланган сынактын биринчи этабы өтүүдө. 

Ага чейин Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Ала-Тоо кайрыктары" аттуу көргөзмө өтүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство университетинде айтуучулук өнөргө арналган семинар болуп өттү.

Маалымат боюнча эртең "Күү күнү", ал эми андан кийин "Ыр күнү" өтмөкчү. 25-мартта аяктай турган жумалык "Салттуу музыка күнү" менен жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0