"Тазалык" айкелдерди тазартып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековГенерал Панфиловдун айкели. Архив
Генерал Панфиловдун айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада жайгашкан эстеликтерди жууп-тазалоо иштери мындан ары да уланары айтылат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги эстеликтерди жууп-тазалап жатканын мэрия билдирди.

"Тазалык" ишканасы бригадалык ыкма менен иштөөгө өттү
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда учурда Михаил Фрунзе, Жоомарт Бөкөнбав, Темиркул Үмөталиев, Насирдин Исанов, Карл Маркс менен Фридрих Энгельстин жана ХХ кылымдын мамлекеттик ишмерлерине коюлган эстеликтер жуулду.

Ленин районунда Ормон хандын айкели тазаланса, Октябрь районунда Ленинград блокадачыларына арналган эстелик жуулду. 

Маалыматта борбор калаада жайгашкан калган эстеликтерди жууп-тазалоо иштери мындан ары да уланары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0