Микрофон. Архив

Кыргызстандык жаран "Левитандай сүйлөйбүз" радиосынагынын кыска тизмесине кирди

156
(жаңыланган 13:17 31.05.2016)
Тизмеге 10 катышуучу тандалып алынды. Сынактын жеңүүчүсү 50 миң рублге ээ болот.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эл аралык "Левитандай сүйлөйбүз" аттуу радиосынактын уюштуруу комитети кыска тизмени ачыктап, ага кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү Урмат Борченов да кирген.

Sputnik радиоберүүсүнүн жетекчиси Алексей Орлов башында турган эксперттик топ тандап алган эмгектер Ria.ru. сайтына жайгаштырылган. Бардыгы болуп сынакка катышуу үчүн 109 иш түшүп, анын ичинде Россия, Белоруссия, Украина, Кыргызстан, Молдова, Казакстан жана Армения бар.

Мындан ары калыстар тобу иштеп, лауреаттарды 5-май күнү жарыялайт. Сынак "Совинформбюронун" 75 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында өтүп жатат. 

"Биз бир топ күчтүү эмгектерди угуп, андан 10ду тандап алдык. Көбү Левитанды тууроого аракет кылыптыр, бирок өзгөчөлөнүүнү да каалагандар бар экен. Таасирлүү эмгектер тандалып, тизмеге кирди", — дейт Орлор.

Сынактын кыска тизмеси:

Бакал Ромео Владимирович, Тирасполь; 

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Ромео Бакал, Тирасполь

Борченов Урмат Бейшенкулович, Бишкек; 

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Урмат Борченов, Бишкек

Бухарбаев Мухамедали Болатулы, Астана; 

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Мухамедали Бухарбаев, Астана

Крапиневич Александр Иванович, Минск;

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Александр Крапиневич, Минск

Килессо Сергей Михайлович, Минск; 

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Сергей Килессо, Минск

Петров Алексей Александрович, Сочи;

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Алексей Петров, Сочи

Подолян Алексей Константинович, Севастополь;

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Алексей Подолян, Севастополь

Прохоров Евгений Вадимович, Арзамас;

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Евгений Прохоров, Арзамас

Стрельцов Евгений Александрович, Москва;

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Евгений Стрельцов, Москва

Судев Сергей Владимирович, Комрат.

Радиоконкурс "Говорим, как Левитан": Сергей Судев, Комрат

"Левитандай сүйлөйбүз" радиосынагы өз кесиптик жолун жаңы баштаган радиожурналисттерге колдоо көрсөтүп, улуу муундун каада-салты жаштарга калышын камсыздоо менен аталган тармакта кесипкөй кадрлардын калыптанышына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Ага Россия, КМШ жана Балтика аймагында уктурулган радиоканалдардын алып баруучулары, журналисттери чакырылган. Конкурстун жеңүүчүсүнө диплом, эстелик статуэткасы жана 50 миң рубль акчалай сыйлык берилет. Конкурстун башка сыйлык ээлерине да диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылат. Сынактын байге фонду экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендер үчүн 30 жана 20 миң рубду түзөт.

156
Белгилер:
тизме, радио, сынак, Эл аралык "Левитандай сүйлөйбүз" аттуу радиосынагы
Тема боюнча
Социалдык навигатор — абитуриенттер жана ата-энелер үчүн жаңы ресурс