Кыргызстандык бийчилер эл аралык турнирде ийгилик жаратышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБий катышуучулары. Архив
Бий катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Финляндия, Голландия, Казакстан, Белоруссия Россия сыяктуу он мамлекеттен 115 жуп катышкан.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандык бийчилер Санкт-Петербургда өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык WDSF International Open taken place in Saint Petersburg-2016 турнирде төртүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу КРдин спорт бийи федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 23-апрелде өтүп, ага Финляндия, Голландия, Казакстан, Белоруссия Россия сыяктуу он мамлекеттен 115 жуп катышкан.

Латина категориясы боюнча кыргызстандык Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей төртүнчү орунду камсыздашкан.

Ал эми бардык байгелүү орундарды россиялык бийчилер ээлешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0