Акибаев: Кырчын жайлоосун даярдоого 17 миллион сом бөлүнгөн

Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кырчын жайлоосуна барды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү өтө турган Кырчын жайлоосун даярдоо үчүн 17 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Аскат Акибаев иш сапарынын алкагында аталган облуста жүргөн премьер-министр Сооронбай Жээнбековго маалымат берди.

Ысык-Көлдө эс алгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ: Кыргызстан туристтер көп келе турган мамлекеттердин көч башында
Акибаев өз сөзүндө бул жерге курула турган этношаарча келечекте кыргызстандыктар эле эмес, чет элдик меймандардын да купулуна толгон эс алуучу жайга айланарын белгиледи.

Муну менен бирге өкүл аталган жайлоого жакын жайгашкан айылдардын таза суу менен камсыздалышы боюнча маселеге токтолду.

Премьер-министр Көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгүн өткөрүүгө Кырчын жайлоосу абдан ыңгайлуу экенин белгилеп, облустагы өкүл Акибаев менен маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмамбетовго күзүндө өтө турган оюндар былтыркыдай эле жогорку деңгээлде өтүүсүн тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0