Театрлар таймашынын кийинки этабы Ысык-Көлдө өтөт

© Sputnik / Айша КамиловаТеатрлар таймашындагы актерлор. Архив
Театрлар таймашындагы актерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик таймаштын кийинки этабы 10-майда Каракол шаарында өтүп, анда Ысык-Көл менен Нарын облустук жана Кочкор менен Жумгал райондук театрлары беттешерин маалымдады.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Театрлар таймашынын алтынчы этабында Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театр менен беттешкен Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театры жеңишке жетишкенин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Оперный певец Булат Минжилкиев - Sputnik Кыргызстан
Болот Миңжылкыев. Таланттуу опера ырчысынын элесине сүртүмдөр
Билдирүүгө ылайык, эки театр калыстардын сынына Айтматовдун "Кыямат", Шекспирдин "Ромео жана Жульетта", Бомаршенин "Фигаронун үйлөнүүсү" драмаларынан үзүндү тартуулашты. Натыйжада орус драма театры эки упайлык артыкчылык менен жеңишке жетишти.

Министрлик таймаштын кийинки этабы 10-майда Каракол шаарында өтүп, анда Ысык-Көл менен Нарын облустук жана Кочкор менен Жумгал райондук театрлары беттешерин маалымдады.

Эскерте кетсек, буга чейинки таймаш Ош облусунда өтүп, анда алты театр күч сынашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0