БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Россияда өткөн "Олимп кубогунда" алтын медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Бий спорту федерациясы билдирди.
Онунчу жолу өткөрүлүп жаткан бал бийи боюнча эл аралык турнир 22-24-апрелде Москва шаарында болду. Мелдешке 14 мамлекеттен жана Россиянын 56 аймагынан келген 2532 жуп катышкан.
КР бийчилеринин куржуну төрт алтын жана эки күмүш медаль менен толукталды. Жыйынтыгында кыргызстандык команда 18 кубокко ээ болду. Мындай кубоктор өз категориясында алдыңкы алты жупка берилет.