Бишкек мэриясынын имараты. Архив

Бишкек мэриясынын оркестри Казакстанда өткөн сынакта баш байгени жеңип алды

47
(жаңыланган 19:32 28.04.2016)
Фестивалдын алкагында дирижёрлордун парады да өткөрүлгөн. Эң мыкты дирижёр деп кыргызстандык Бакыт Тилегенов таанылды.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын элдик оркестри Казакстандагы Актөбө шаарында өткөн эл аралык оркестрлер сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 22-23-апрелде өткөрүлгөн сынакта Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Башкыртстан жана Татарстандан барган 12 оркестр катышкан. 

Кыргызстандын атынан барган Бишкек мэриясынын элдик оркестри өлкөнүн эл артисти Бакыт Тилегеновдун жетектөөсү менен сынакка катышкан. 

Фестивалдын алкагында дирижёрлордун парады да өткөрүлгөн. Анда ар бир маэстро мастер-класстарды көрсөткөн. Эң мыкты дирижёр деп кыргызстандык Бакыт Тилегенов табылды. 

Ал эми Бишкек мэриясынын элдик оркестри тарыхта биринчи ирет баш байге менен кайтты.

47
Белгилер:
дирижёр, оркестр, баш байге, сынак, Казакстан
Тема боюнча
Улуттук филармония ретро-концерт тартуулайт
"Эл ырчысы Эстебес" тобу концертке чакырат
Шанхайдын тургундары. Архив

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

104
(жаңыланган 11:50 04.07.2020)
Режиссёр ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламышты кадрга түшүргөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кинофестивалдын катарында турат.

"Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссёрлорунун тасмалары А категориясындагы кинофестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат", — деди Төлөбеков.

"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Продюсерлери Эрке Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.

104
Белгилер:
катышуучу, фестиваль, кино, Кыргызстан
Тема боюнча
Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт
Голливуд коронавирустун башталышы тууралуу тасма тартууга бел байлады
Ырчы Асел Кадырбекова

Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

1029
(жаңыланган 13:46 03.07.2020)
Эстрада ырчысы комадан толук түрдө чыга элек. Буга чейин дарыгерлер Аселдин мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

1029
Белгилер:
жол кырсык, Сабырбек Жумабеков, ырчы, кома, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы
Тема боюнча
Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады
Кыргызстанца находящиеся в Турции отправили 15 кислородных концентраторов в Бишкек

Түркиядагы мекендештер Стамбулдан 15 кычкылтек концентраторун жөнөттү. Сүрөт

11
(жаңыланган 10:22 05.07.2020)
Бишкек менен Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп, өпкөсү сезгенип ооруканага кайрылган жарандар көп болууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Түркияда иштеп жүргөн мекендештердин "Кыргызстан  —  достук жана маданият" коому Стамбулдан 15 кычкылтек концентраторун алып, мекенине салып жиберишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга аталган коомдун мүчөсү Нурланбек Усубакун уулу билдирди.

Кыргызстанца находящиеся в Турции отправили 15 кислородных концентраторов в Бишкек
© Фото / Нурланбек Усубакун
Түркияда иштеп жүргөн мекендештердин "Кыргызстан  —  достук жана маданият" коому Стамбулдан 15 кычкылтек концентраторун алып, мекенине салып жиберишти

Ал жардамдын алгачкы партиясы гана жөнөтүлгөнүн, учурда дагы акча чогулуп жатканын айтат.

"Бул жакта Кыргызстандагы учуп жүргөн кушубуз дагы өлбөсүн деп тилек кылабыз. Бардыгын "Кыргызстан — достук жана маданият" коомунун төрагасы Айбек Сарыгулов демилгелеп уюштуруп жатат. Ага коомдун мүчөлөрү 2000, 1000, 500, 100 доллардан берип, 15 кычкылтек концентраторун алып, кечээ, 4-июлда, учакка жүктөдүк. Буюрса, бүгүн Бишкекке жетип калат. Бул алгачкы партиясы, учурда дагы каражат жыйналууда. Этап-этабы менен жөнөтүп, 100 аппарат алып берүүнү пландап жатабыз", — деди Нурланбек Усубакун.

Бир суткада 23 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 120га жетти

Кыргызстанца находящиеся в Турции отправили 15 кислородных концентраторов в Бишкек
© Фото / Нурланбек Усубакун
Белгилей кетсек, Бишкек менен Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп, өпкөсү сезгенип ооруканага кайрылган жарандар көп болууда

Белгилей кетсек, Бишкек менен Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп, өпкөсү сезгенип ооруканага кайрылган жарандар көп болууда. Мындан улам медициналык жабдуулар, дарыгерлер жетишпей жатат. Интернат, мейманкана жана спорт залдарга оорукана уюштурулуп, бейтаптарды кабыл алууда.

Кыргызстандагы коронавирус боюнча кырдаал

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

11
Белгилер:
жардам, мекендештер, Түркия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт
Боронов: эртең Кытайдан учак менен 500 кычкылтек концентратору алып келинет