Жаш акындар Таттыбүбүнү даңазалашты

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүТаттыбүбү Турсунбаева, "Кызыл алма" тасмасынан кадр. Архив
Таттыбүбү Турсунбаева, Кызыл алма тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш акындардын сынагы бүгүн өттү. Иш-чараны Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонд уюштурду.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Бишкекте жаш акындардын "Таттыбүбү кыргыз поэзиясында" аттуу сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Кундуз Качкынбаева билдирди.

Жаңыл Мырза - Sputnik Кыргызстан
Жаңыл Мырза туурасындагы жети факты
Аталган сынак быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Иш-чараны Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонд уюштуруп, бул күн айжаркын сулуунун кайра жаралуу күнү катары белгиленет.

Акындар Таттыбүбү Турсунбаеванын тарыхта калган изин, сейрек кездешчү сулуулугун, адамгерчилик парасатын даңазалашты.

Маалыматка ылайык, сынакта жаш акындар күч сынашып, баш байгени Иманбек Азизилла уулу ээлеп, 15 миң сом менен сыйланды. Биринчи орунга Акылай Суранчиева татып, ага 10 миң сом ыйгарылды. Экинчи орунду Бердибек Жамгырчиев алып, 7000 сом менен сыйланса, үчүнчү орунга ээ болгон Гүлбарчын Боскеева 5000 сом алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0