"Саякбай манасчынын" айрым эпизоддору Кыз Сайкалдын үңкүрү, Жоо-Жүрөктөн тартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗалкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкели. Архив
Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма тартуу демилгеси "Саякбай манасчы" коомдук фондусуна таандык. Ага Эрнест Абдыжапаров режиссерлук кылууда.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин аян түшкө туш болгон эпизоддор Жети-Өгүздүн Сырт жайлоосунда тартыла турганын "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү Улан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн тасманы тартуучу топ Ысык-Көл облусунун аталган жерине жөнөп кетти. 

"Ушу тапта тасманын Үркүн, Чоң казат окуялары жана Саякбай атабыздын аян алган жерлерин тартуу үчүн жерлер тандалып атат. Негизи Ак-Шыйрак, Бедел ашуусунун Тик-Иртик, Кыз Сайкалдын үңкүрү, Жоо-Жүрөк сыяктуу жерлерди кыдырып жүрөбүз", — деди Исмаилов.

Эскерте кетсек, "Саякбай манасчы" тасмасын тартуу иштери быйыл жаз алды менен башталып, 2017-жылы аяктайт. Ага Эрнест Абдыжапаров режиссерлук кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0