"Ак Илбирстин" сыйлык тапшыруу күнү жылды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүБабина со старой кинопленкой. Архивное фото
Бабина со старой кинопленкой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында өтөт.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. "Ак Илбирс" улуттук кинофестивалынын сыйлоо аземи 13-майга жылдырылганын уюштуруу комитетинин мүчөсү Талант Төлөбеков билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин салтанаттуу иш-чара үстүбүздөгү жылдын 15-майына белгиленген. 

"Ак Илбирс": улуттук кино өнөрүнө салым кошкон адам аныкталды
Учурда калыстар тобу сынакка катышуучу тасмаларды баалап жаткан учуру. 

Аталган сыйлыкка 2015-жылы өндүрүштөн чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар ат салышат. Мындан төрт жыл мурун негизделген иш-чара 14 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация кошулган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — "Ак Илбирс" киносыйлыгынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0