Мариинск театрынын бийчиси Латыпов: балет эркектин иши эмес деп ким айтты?

© Фото / Валентин БарановскийМариинск театрынын артисти Эрнест Латыпов. Архив
Мариинск театрынын артисти Эрнест Латыпов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан кабарчысы Мариинск театрынын артисти Эрнест Латыповго балет бийчилеринин ориентациясы жана сахнадагы айрым ыңгайсыз абалдар туурасында суроо берген жок. Каармандын балетти бокс менен салыштыруусу маектин олуттуу болгонун ырастайт.

Баш айланткыдай ийгиликке жетип, анан жылдызды колуна кармаган адамдар менен сүйлөшүп көрдүңүз беле? Мындайды кыргызстандык бийчи, мыкты театр сахналарын багындырган Эрнест Латыпов жөнүндө айта албайсың. Ал токтоо, ишине олуттуу карап, азырынча өзүн дүйнөлүк балеттеги "окуя" деп атабайт. 

— Бийчилик кесипке бет алганда эмне жөнүндө ойлодуңуз эле? 

— Келечекте эмне күтүп турганын башка балдардан бир топ мурда билгем. Себеби 10 жашымда Санкт-Петербургдун А.Ваганова атындагы Орус балет академиясына өткөм. Ал кезде тилегеним татыктуу бийчи болуп, өз ысмымды сыймык менен алып жүрүү жана спектаклден кийин уялбагыдай бийлөө болчу. 

— Эгер дүйнөнүн мыкты сахналарында солист эмес, көптүн бири болуп көзгө илинбей калсаңыз, эмне кылат элеңиз? 

— Бул мен үчүн жеке мүшкүл жана ата-энемдин алдында уят болмок. Жашырганда эмне, балеттин артисти үчүн мындан жаман эч нерсе жок. 

— Бутуң каалагандай ийилбей, кезектеги бир элементти мыкты аткаруу колдон келбей жатса, эмне кылыш керек? Жөндөмсүз экениңди моюнга алып, сахнадан такыр кетиш керекпи?

Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев жөнүндө 10 факты. Айтматов билетке жетпей калганда
— Биздин кесип бокстагыдай: өжөрлүк болбосо, эч нерсе чыкпайт. Бир жолу жаза уруп же жеңилип калгандан кийин спорттон баш тарткан боксчуну көрдүңүз беле? 

Балет бийи — бул 2-3 акт, ал аралыкта сен жөн гана элементтерди аткарбастан, ар бир кадамыңды, кыймылыңды эсептеп, ошол эле учурда актердук оюнду жана көзүңдө от жанып турушу керек. Бир нерсе болбой баратса, башкысы, өзүңдү жоготпой, андан ары улантышың керек. Бирок жайланып калууга болбойт, себеби балеттеги жашоо көп болсо жыйырма жашка чейин гана. 

— Жакында мен аба гимнасты менен маектешкем. Ал өзүнүн карьерасы эки килограммга толуп кетсе эле бүтөт деген эле. Балериналар суу жана аба менен гана азыктанат дегенге эмне айтасыз?

— Бул жалган. Менин салмагым 70 килограмм, боюм 185 сантиметр. Түңкү саат экиде туруп эт же торт жей алам. Мага мунун эч зыяны жок, себеби табиятыман толуп кетүүгө жакын эмесмин. Бирок пайдалуу таңкы тамак боюнча катуу тартипти сактайм: эртең менен сөзсүз апельсиндин жаңы сыгылган ширесин ичип, бир табак буламык жешим керек. 

Балетте көркөм же спорт гимнастикасындагыдай медицина анча өнүкпөгөнү өкүндүрөт. Искусство адамдарына спортчулардай тамактануу эрежелерин карманууга туура келет. 

© Валентин БарановскийМариинск театрынын артисти Эрнест Латыпов
Артист Мариинского театра Эрнест Латыпов - Sputnik Кыргызстан
Мариинск театрынын артисти Эрнест Латыпов

— Балетте күчтүү эрк жана "аскердик" бышыктык маанилүү экенин билдик. Бирок мен бийчилик өнөр көп сааттык машыгуунун артынан ачылган жөндөм эмес, тубаса болот деп ойлочу элем…

— Жалгыз эле талант менен эч нерсеге жетпейсиң. Мисалы мойну эч нерсеге жар бербеген жалкоо Баланчаев табиятынан ийкемдүү дейли. Секиргени, денесин кармаганы канчалык мыкты болбосун, эч качан өзү эле ийгиликке жетпейт. Ал эми эч жөндөмү жок Түкүнчөев өз аракети жана максатка умтула билишинин аркасында атагы чыгат. Мен кезегинде өтө жөндөмдүү, бирок азыр бий менен эч байланышы жок балдарды билем.

— Сизде кандай болду эле?

Азема Дыйканбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлүм алдында жаткан кыз кантип Кыргызстандын сулуусу болду
— Мага аябай тырышканга туура келген. Кантсе да, мен Бишкекте төрөлгөм да, анан ошончо алыска барып алып, аракет кылбай коюу акылсыздык болмок. Бул кесиптин мыктысы болгуң келсе, машыгуулардан кийин калып, кошумча иштешиң керек. Мен дал ошенткем. "Атаандаш" деген сөздү жаман көрөм, бирок биздин кесипте, тилекке каршы, ансыз болбойт. 

Мен башка кесипке кетип калсам, ата-энем мага эч нерсе демек эмес. Бирок дагы ким болушум мүмкүндүгүн элестете албайм. Мүмкүн, футболист болмокмун… Билбейм, бул өтө кыйын.

— Мен үчүн балет дайыма бийик жана кандайдыр бир аяр мамилени талап кылгандай сезилчү. Бул кандайдыр бир руханий күч берип, көкөлөткөн, ырайымсыздык жана атаандаштык менен айкашпай турган нерседей көрүнөт…

— Ал көрүүчүлөр үчүн бийик. Чоң же Мариинск театрына билет алган соң, менин сахнада бийге алым келбей, үлдүрөп жатканымды көргөнү келбейт да. Ал үчүн балет бийик жана сапаттуу аткарылган болушу керек.

— Көрүүчү үчүн балет — искусство болсо, сиз үчүн ал тилиңди тиштеп, чыдаш керек дегенди билдиреби? 

— Жок-жок, эч андай эмес! Мен өз ишимди жакшы көрөм, түшүнөсүзбү? Ансыз жашай албайм! Бул менин маңдайыма жазганы. Мен сахнада өлсөм да, өзүмдү бүтүн бойдон көрүүчүгө бергеним үчүн абийирим таза болот. 

© Наташа РазинаЭрнест Латыпов — Мен өз ишимди жакшы көрөм. Ансыз жашай албайм!
Артист Мариинского театра Эрнест Латыпов - Sputnik Кыргызстан
Эрнест Латыпов — Мен өз ишимди жакшы көрөм. Ансыз жашай албайм!

— Азыр театрга көркөм кооздукка аралашып, аны менен бирге болуш үчүн эмес, жаңы көйнөгүн көрсөткөнү барышат. Азыркы көрүүчү жөнүндө оюңуз кандай? 

— Ар жерде ар башка. Мисалы, бишкектик көрүүчү искусствону анча түшүнө бербейт. Ал спектаклдин терең жерлерин байкабай калышы мүмкүн, ага бөтөнчө бир трюктар таасир кыла алат. Андайга YouТube толгон эмеспи. Ошондуктан бул жакка "Дон Кихот", "Корсар" же "Париж жалыны" сыяктуу ачык-айкын таасирдүү оюндар менен гана келиш керек. Кыргыз көрүүчүсү азырынча жаңсоо-ишарат жана эмоция тилин түшүнгөндү үйрөнө элек, ошондуктан ага көзгө дароо, айкын көрүнгөн жана таң калтырган нерсени көрсөтүш керек.

Ал эми Санкт-Петербургда жана Москвада түшүнүү деңгээли такыр башка. Ал жакта көрүүчү сабаттуу, ошол эле учурда эрке. Алады трюк көрсөткөн актерлор эбак тажаткан, аудитория эмоцияны талап кылат. 

— Канча роль аткарууга үлгүрдүңүз?

— 30дан ашык спектаклде ойнодум. Азыр көбү эсимде жок…

— Сахнада аткарган каармандарыңыздын бейнелери жеке өзүңүзгө из калтырабы? 

Бийчи Жан Воинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык үч бийчи россиялык "Танцы" шоусунун кийинки туруна өттү
— Албетте. Мен дайыма ролго даярданып, сахнада баскан-турганымды, ар бир кыймылымды ойлоном, ал тургай, убактылуу мүнөзүмдү өзгөртөм. Ошондуктан спектаклден кийин алым калбай калат. Мындай убакта шаардын сыртына чыккан жакшы, бирок биздин график буга дайым эле жол бере бербейт.

— Кандай дейсиз, дүйнөлүк балетте сиз окуяга айлана алдыңызбы? 

— Мени гала-концерттерге жана башка театрларга чакырышат. Бул, албетте, кубантат, бирок кандайдыр бир баш айланарлык ийгилик жөнүндө айтуу азыр эрте.

— Өткөн жылы Бишкекке "Дон Кихот" балети менен келгенсиздер. Өз сахнаңызда бийлөө кандай сезимдерди жаратты? 

— Мен Кыргызстанга дайыма кубануу менен келем, себеби өз сахнаңда ойногон абдан жакшы. Баса, ушул өлкөдө гана кайрымдуулук концерттеринен сырткары, акысыз бийлегенге даярмын. Көп сандаган таланттуу адамдар белгилүү себептер менен Кыргызстандан кетип жатканы өкүндүрөт.

— Сөздү башкага бурсак. Сын сөздөргө кандай карайсыз? Сиз үчүн кеңештери өтө баалуу адамыңыз барбы?

— Мени ата-энем жана чыгармачылык жагынан ата болгон Геннадий Наумович Селюцкий дайыма колдойт. Бул мыкты адам, мен андан билим алганыма өтө кубанычтуумун. Ал дүйнөлүк балеттин көптөгөн жылдыздарын тарбиялап чыккан, өзү атактуу бийчи. 

Бирок кыйын учурларда дайыма атам менен болгон маекке кайрылам. Балет академиясына өткөндө, ал менден: "Бул кесипти тандаганыңа өкүнбөйсүңбү?" — деп сураган. Мен: "Жок, өкүнбөйм. Баштаган соң, улантыш керек", — деп жооп бергем. 

© Наташа РазинаЭрнест Латыпов — Мен Кыргызстанга дайыма кубануу менен келем, себеби өз сахнаңда ойногон абдан жакшы
Артист Мариинского театра Эрнест Латыпов - Sputnik Кыргызстан
Эрнест Латыпов — Мен Кыргызстанга дайыма кубануу менен келем, себеби өз сахнаңда ойногон абдан жакшы

— Жакында эле сиздин бийлегениңизби телевизордон "Большой балет" деген берүүдөн көргөм. Чоң экранга кандайча чыктыңыз? 

— Ар бир театрдан жаш уландарды тандашкан. Мариинканын администрациясы мени көрсөткөндө, баш тарткан жокмун. Мага аябай жакты, мыкты тажрыйба алдым. 

Кыргызстандын желегин кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: өлкөдөгү эң таасирдүү жана белгилүү кишилер
Камерага бийлегенде баары башкача көрүнөт, ошон үчүн күчтү да көп жумшайсың. Жыгылып кетүү же бир нерсени туура эмес жасап алуу коркунучу чоң эле. Ага карабай, баары бир дубль менен эле оң болуп жатты. Бирок бир жуп бийчилерди эки жолу тартышкан, бул калыстык эмес. Кантсе да "калыссыздык" менен "шоу" деген сөздөр бири-бирине үндөшүп кетет.

— Калыссыздыктан сырткары, ал долбоор дагы эмнеси менен эсиңизде калды? 

— Тартылып жатканда бармагымды сындырып алсам да, бийимди улантканымды көпкө унутпайм. Эң жаманы ошол бийлегенимди бүтүндөй өлкө көргөн. Анда бутумдун ооруганынан да, күлкүмдүн келгени башкача болду. Кийин ошол "атактуу" бийди мен эле жалгыз кайра-кайра көрбөсөм керек. 

— Баса, жаракаттар жөнүндө. Бир сүрөт Интернетте көпкө жүрдү. Анда балеринанын буту тартылган. Бир жагында пуанта кийген татынакай бут, экинчи жагында канталап, көгала болгон бут. Астында "Ар ким ийгиликтүү болсом дейт, бирок ийгилик кандай колго тиерин ар ким эле биле бербейт" деген жазуу бар эле. Чынында кандай болот?

— Мунун чындыгы бар. Бирок бутунда бир тытыгы жок балериналарды билем. Көгала, канталаган жара балеттеги ийгилик жолунда туш боло турган кыйынчылыктардын кичине гана бир бөлүгү экенин айтыш керек.

— Быйыл биз алгачкы кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын юбилейин белгилеп жатабыз. Сиз үчүн ал үлгүбү?

— Ал Кыргызстанда гана эмес Кызматташтык өлкөлөрүндөгү чыныгы улуу адам. Балетмейстер Уразгильдеев Роберт Хасанович Бейшеналиева жөнүндө мага көп айтып берген, сүрөттөрүн көрсөтүп, ал жөнүндө китеп белек кылган. Мен ал жөнүндө билгендерим менен абдан сыймыктанам. Май айында Бишкекке, кыргыздын алгачкы балеринасына арналган мааракелик фестивалга келип "Ак куунун көлү" спектаклинде бийлегени жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0