Түркияда өтө турган кинофестиваль катышуучуларды кабыл ала баштады

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүСтамбул шаары, Түркия. Архив
Стамбул шаары, Түркия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыздар үстүбүздөгү жылдын 12-августуна чейин кабыл алынат. Фестивалга түрк тилдүү мамлекеттердин жарандары катыша алат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган даректүү тасмалардын "Түрк маданияты жана түрк дүйнө таанымы" эл аралык кинофестиваль катышуучулардан арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль сентябрь айына белгиленген. Ага түрк тилдүү мамлекеттердин жарандары катыша алат. 

"Сынакта 2010-жылдан 2016-жылга чейин тартылган тасмалар ат салыша алат. Тасманын узактыгына чектөө коюлбайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Арыздар 12-августка чейин кабыл алынат. 9-сентябрь күнү фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 23-сентябрда өтөт.

Сынакта мыкты деп табылган тасмалар октябрь айында Түркия, Азербайжан жана Казакстан мамлекеттеринде көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0