Дүйнөнү дүңгүрөткөн Атай Өмүрзаковдун 10 ийгилиги

© Sputnik / Жоомарт УраимовInstagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив
Instagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия, Түркия, Германия, Франция жана Англия. Бул дагы чек эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги Атай Өмүрзаков багындырган 10 жеңишти тартуулайт.

Сөөгү жок адамдар - Атай Өмүрзаковдун окуучулары
Сакадай бою сары алтын Атай Өмүрзаков кыргыздын багына жаралганын эч ким танбайт. Ал дүйнөнү түрө кыдырып, ондогон эл аралык сынактарда кыргыздын желегин желбиретип келет. Алгач Кыргызстандын өзүндөгү "Баракелде" сынагында биринчи орунга ээ болуп, 100 миң сом менен сыйланган. Атай Өмүрзаков өз кезегинде Facebook социалдык баракчасына көрөрмандардын колдоосу маанилүү экенин жазып, чыгармачыл адамдарга кескин сын айтуу зыян келтирерин белгилейт. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги Өмүрзаков багындырган 10 ийгиликти тизмектеп көрдү.

Только что вышло видео с нашим выступлением на сцене Britain's Got Talent 2016 @bgt #bgt #britainsgottalent

Видео опубликовано Atai Omurzakov Tumar KR Adem (@atai_tumar.kr_adem) Май 7 2016 в 12:38 PDT

1. Атай Өмүрзаковдун топ жарып чыгуусу алгачкы жолу 2010-жылы Россиянын биринчи каналындагы "Даңк мүнөтү" ("Минута Славы") долбооруна катышуусунда башталган. Анда ал болгону 20 жашта болчу. Өзүнүн билдиришинче сынакка катышуу учурундагы чыгымдарды достору уюлдук телефондорун сатып, колдоого алышкан. Бул сынакта Атай өзүнүн атактуу "Робот" (Электрик буги) бийин бийлеп, долбоордо экинчи орунга жеткен. Мына ушул сынактын арты менен Атай Өмүрзаковдун аты "дүңк" этип, ааламга жолу ачылган. 

2. Атайдын экинчи ийгилиги катары "Украина таланттарга бай" ("Украина мае талант") долбооруна катышуусун атасак болот. Бул долбоорго дүйнөнүн төрт бурчунан 30 миң өнөрпоз катышкан. Алардын 50сү гана жарым финалга тандалып, анын ичинен 10 катышуучу финалга өткөн. Жарым финалдык турда Атай мыкты ондуктун сап башында финалга өткөн. Добуш берүү смс аркылуу болгондуктан Атайды украиналыктар катуу колдоого алган. Көпчүлүк Атайды жеңиши менен алдын ала куттуктай баштаган. Сынакта 1-орунга миллион гривна (5 миллион 600 миң сом), экинчиге 200 миң гривна (1 миллион 120 миң сом) ал эми үчүнчү орунга эч нерсе каралган эмес. Бул сынакта Атай үчүнчү орунга ээ болгон. Баш байгени утуп алса жарымын апасына берип, калганын катышуучулар менен бөлүшөм деген бийчи тилегине жетпей калган. 

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бут менен чертилген комуз, тура калып кол чапкан Сталин, АКШлыкты жетелеп келген аваз
3. Талыкпас мээнет көккө жеткирерин жазбай билген Атай Өмүрзаков эл аралык сынактарга катышуусун улантып, "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" долбооруна катышкан. Анда Өмүрзаков "Периштенин жана шайтандын бийи" атуу бийин тартуулаган. 2011-жылдын декабрь айында өткөн сынактын финалдык турунда бийчинин жылдызы жанып, биринчи орунга ээ болгон. Жеңүүчү 100 миң евро (133 миң АКШ доллары) утуп алган. Өмүрзаков бул жеңишин сүйүктүү апакесине арнай турганын жар салган. Сынакта мыкты бийлегендиктен Атай Лас-Вегаска чакыруу алган.

4. 2012-жылы Атай өзүн мыкты уюштуруучу экенин далилдеп, эл аралык "Мен бийчимин" ("Я танцор") сынагын уюштурган. Сынактын жүрүшүндө бийдин беш түрү боюнча жарыш өтүп, мыктылар аныкталган. Аталган сынакка атактуу "No Mercy" жана "Morandi" топтору конок болушкан.

5. Жалгыз дарак токой болбойт деген сөздүн маңызын жакшы түшүнгөн Атай бийчилерден турган "Тумар КР" тобун түзүп, сынактарга чогуу катыша баштаган. 2013-жылы бийчи аталган топ менен Россиянын "Даңк мүнөт" (Минуты славы) долбоорунун жарым финалына чыккан. Көпчүлүк үмүт артып турган бийчилер сынактын жеңүүчүлөрү алдын-ала эле аныкталып калганын айтып, сынакты улантуудан баш тартышкан.

6. Атай Өмүрзаков буга чейин өзү чет жакка чыгып, Кыргызстанды таанытып келсе, "Мен бийчимин-2" ("Я танцор-2") фестивалы аркылуу чет элдиктерди Кыргызстанга алып келген. Бул конкурс көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде 2013-жылдын 2-10-август күндөрү өтүп, ага дүйнөлүк даңкка жеткен Дан Балан, Рэй Хортон, Ле Твинс, Крек жана Мистер Фантистиктер катышкан. Фестивалдын жүрүшүндө атактуу бийчилер мастер-класс өтүп, гала-концерт уюштурулган. 

7. Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Германиянын Франкфурт шаарында өткөн Das Supertalent-2014 эл аралык сынагында төртүнчү орунду ээлеген. Смс аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бийчилер көрөрмандардын 10,86 пайыз добушуна ээ болгон. Аталган телесынак Германиянын белгилүү RTL телеканалында көрсөтүлгөн. Калыстар тобундагы атактуу Modern Talking группасынын ырчысы Дитер Болен кыргыз жигиттерин сынактын 8-сезонундагы эң мыкты номер деп атаган. Мындан сырткары калыстар тобу көзгө жаш алышкан. 

8. 2015-жылы Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Түркиянын "Сиз таланттуусуз" "Yetenek Sizsiniz-2015" сынагында байгелүү орунга ээ болгон. Аталган сынакка атайын чакыруу менен катышкан. Бул сынакта көрүүчүлөр кыргыз бийчилеринин сөөгү жок экен деп чыгышкан. 

Атайдын шакирттери: кээде бизге "эмне, бой көтөрүп калдыңарбы?" дешет
9. Ар убак изденүүнүн үстүндө жүргөн Атай менен "Тумар КР" тобунун жигиттери үстүбүздөгү жылдын башында Францияда өткөн "Du Cirque de Demain" сынагына катышууну чечкен. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жигиттер 3-орунга ээ болуп, акчалай сыйлык алышкан. Бул сынакта бийчилер катарына дагы бир өнөрлүү казак жигитин кошуп, Кыргызстан, Казакстандын атынан катышкан. Анда алар "Оркестр" номерин сунушташкан. 

10. Бул келген ооматты колдон чыгаргысы келбеген Атай Өмүрзаков өзүнүн "Тумар КР" тобу менен "Британия таланттарды издейт — 2016" (Britain's Got Talent 2016) шоусуна катышып, кийинки турга өттү. Белин бурап бийлеген кыргыз жигиттерине калыстык кылган төрт адамдын бири ордунан так секирип тура калса, экинчиси таң калганын жашырган жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0