Кыргызстандык бийчилер Таиланддагы эл аралык турнирде 4 алтын, 1 коло тагынышты

© пресс-служба федерации танцевального спорта КРТаиланддын Бангкок шаарында өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык "Asian Single Dance Championships-2016" турниринде ийгиликке жеткен кыргызстандык бийчилер
Таиланддын Бангкок шаарында өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык Asian Single Dance Championships-2016 турниринде ийгиликке жеткен кыргызстандык бийчилер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандыктар бийдин самба, румба, пассодобль, джайв жана ча-ча түрү боюнча өнөр көргөзүштү.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Таиланддын Бангкок шаарында өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык "Asian Single Dance Championships-2016" турниринде кыргызстандык бийчилер 4 алтын, 1 коло утуп алышты. Бул тууралуу КРдин спорт бийи федерациясынан билдирди.

Instagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Атай Өмүрзаковдун 10 ийгилиги
Турнир үстүбүздөгү жылдын 7-8-май күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Корея, Япония, Кытай, Малайзия, Таиланд, Россия өлкөлөрүнөн барган спортчулар катышты. 

Турнирдин латина категориясынын самба, румба жана джайв түрү боюнча Артем Семеренко менен Валерия Качалко үч алтын медаль алышты. 

Дагы бир кыргызстандык жуп Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей латина категориясынын ча-ча түрүндө экинчи орунду алса, пассодобль түрүндө алтын тагынган. 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 1 коло тагынышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0