БИШКЕК, 11-май — Sputnik. КР Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту тарабынан "Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы" аттуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматы билдирди.
Китеп Тарых жана маданият жылына арналган.
"Китепте кыргыз элинин каада-салттарынын табияты, салттуулуктун эволюциялык маңызынын тарыхый-философиясы, көп түрдүүлүгү, өзгөчөлүктөрү иликтенген. Ошону менен бирге каада-салттардын ырааттуулугу, анын улуттук маданиятка тийгизген таасири талдоого алынган", — деп айтылат билдирүүдө.
Авторлордун бирөө Осмон Тогусаков китепти жазуунун максаты — үрп-адат, каада-салттарды маданияттын контекстинде карап изилдөө болгонун айтат.
"Элибиз массалык маданиятты кабыл алып, өзүбүздүн ата-бабабыздан калган түгөнбөс мурас, көөнөрбөс үрп-адаттарыбыздын баарын көңүлдүн сыртында калтырып бара жатат. Биз маданиятыбызга тиешелүү болгон руханий баалуулуктардын баарын көтөрүп чыгышыбыз керек. Антпесек жаштарыбыздын көбү батыштын массалык маданиятына берилип кетти", — дейт ал.
Тогусаков ошондой эле кыргыздын тарыхын, маданиятын аздектеп, руханий дөөлөттөрдү сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө азыркы муун милдеттүү экенин кошумчалады.
Китеп азырынча 200 нускада авторлордун өз каражатына басылып чыккан.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 20 жаштагы модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу бьюти компаниянын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү билдирди.
"Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагы дирекциясы Supermodel International эл аралык сынагынын расмий өкүлү. Салтка айлангандай эле эл аралык конкурска "Кыргызстан сулуусу" аталган бийкеч катышат. Бирок дирекциянын чечими менен улуттук сынак быйылкыга жылдырылган. Ал арада дирекция эл аралык жарышка катышууга кастинг өткөрүп, натыйжада Саадат Асылбекова жеңип чыкты.
Саадат — кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринде иштейт. Ал алгачкы жолу 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми эл аралык сынактарда өзүн биринчи ирет сынап жатат.
Өткөн жылы аталган сынакка өлкө атынан Сайкал Токтогулова катышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Supermodel Internatiоnal — он жылдан бери өтүп келген моделдер арасындагы кесипкөй сулуулук сынагы. Ага дүйнөнүн 50гө чукул өлкөсүнөн катышат.
Белгилей кетсек, ушундай эле сынакты Рыскүл Намазбекова дагы өткөрүп келет. Декабрда "Мисс Кыргызстан — 2020" финалы болуп, 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева баш байгени алган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Акыркы көч" киносу "Эң мыкты тасма" деп аталды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган фестиваль 16-24-январь күндөрү өтүп, анда 73 мамлекеттен 226 кино көрсөтүлгөнү айтылат.
Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына да катышып, тасманын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.