Ысык-Көл драма театры Жумгал театрын жеңип алды

Жазылуу
Театр таймашы жыл башында башталып, ага Кыргызстандын бардык театрлары катышууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Театрлар таймашынын кезектеги этабында Жумгал райондук театры менен беттешкен Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры жеңишке жетишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Театр жамааттары Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры", Уильям Шекспирдин "Отелло" жана Райкан Шүкүрбековдун "Жапалак Жатпасов" спектаклдеринен үзүндү тартуулашты.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн облустук драма театрында 10-май күнү Нарын облустук театры менен беттешкен Кочкор райондук театры жеңишке жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0