Евровидение сынагынын финалисттери аныкталды

© REUTERS / TT News Agency/Maja Suslin"Евровидение-2016" сынагынын австралиялык Dami Im. Архив
Евровидение-2016 сынагынын австралиялык Dami Im. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарым финалдык сынактын алкагында финалга 20 өлкөнүн ырчысы өттү.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "Евровидение-2016" сынагынын экинчи жарым финалы Стокгольм шаарында жыйынтыкталып, финалга дагы 10 катышуучу тандалды. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Латвия, Грузия, Болгария, Австралия, Украина, Сербия, Польша, Израиль, Литва жана Бельгиянын катышуучулары финалга чыгышты. 

Кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жийдеш Идирисова "Евровидение — 2016" сынагынын тандоо турунда калыстык кылды
Буга чейин 10-майда жарым финалдын биринчи бөлүгү өтүп, анда дагы 10 катышуучу финалга өткөн. Биринчи бөлүктө Россия, Мальта, Азербайжан, Армения, Австралия, Кипр, Чехия, Нидерланды, Хорватия жана Венгриянын ырчылары жарыштын кийинки туруна өткөн. 

Сынактын шарты боюнча жарым финалга "Ири бешилик" өлкөлөрүнүн ырчылары катышпайт. Алар — Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Испания болуп эсептелет. Мындан сырткары, өткөн сынакта жеңүүчү аталган өлкөнүн ырчылары дагы жарым финалга катышпастан, түз эле финалда ырдашат. 

Сынактын финалы 14-майга белгиленген.

"Евровидение-2016" 10-14-май аралыгында Стокгольмдо өтүп жатат. Себеби өткөн жылы Швециянын белгилүү аткаруучусу Монс Сельмерлев "Баатырлар" аттуу ыры менен жеңүүчү аталган. Бул Швеция үчүн үч жылдын ичиндеги экинчи жолку жеңиш болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0