Сүтак тасмасынын башкы каарманы Табылды Актанов Ак Илбирс улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи учурунда.

"Сүтак" "Ак Илбирстин" баарын илип кетти

292
(жаңыланган 21:49 13.05.2016)
Сынакка катышкандар 16 номинация боюнча ат салышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

  • Бишкектеги Манас кинотеатрында Ак Илбирс улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды
    Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мыкты тасма номинациясы — Сүтак (реж. Мирлан Абдыкалыков)
    "Мыкты тасма" номинациясы — "Сүтак" (реж. Мирлан Абдыкалыков)
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Эң мыкты көрүлгөн тасма номинациясынын жеңүүчүсү болуп Биртууганчик тасмасын аталган
    "Эң мыкты көрүлгөн тасма" номинациясынын жеңүүчүсү болуп "Биртууганчик" тасмасын аталган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Ак Илбирс улуттук киносыйлыгынын расмий өнөктөшү болуп саналат.
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгынын расмий өнөктөшү болуп саналат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

 

  • "Мыкты тасма" номинациясы — "Сүтак" (реж. Мирлан Абдыкалыков)
  • "Мыкты режиссер" — Мирлан Абдыкалыков ("Сүтак");
  • "Мыкты сценарий" — Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров (Сүтак);
  • "Мыкты оператор" — Талант Акынбеков ("Сүтак");
  • "Мыкты художник" — Адис Сейталиев ("Сүтак" тасмасы);
  • "Мыкты композитор" — Мурзалы Жээнбаев ("Сүтак" тасмасы);
  • "Мыкты үн режиссеру" — Мурат Ажиев жана Бакыт Ниязалиев ("Сүтак" тасмасы);
  • "Мыкты монтаж" — Элдияр Мадаким ("Сүтак");
  • "Эркектин мыкты ролу" — Табылды Актанов ("Сүтак" тасмасы);
  • "Аялдын мыкты ролу" — Анара Назаркулова ("Сүтак" тасмасы);
  • "Мыкты даректүү тасма" — "Аруулук балдары" (реж. Гузель Дүйшөнбекова)
  • "Мыкты кыска метраждуу тасма" — "Шакек" (реж. Бакай Үсөналиев)
  • "Борбор Азиянын мыкты тасмасы" — "Дом для русалок" (Өзбекстан)

"Эң мыкты көрүлгөн тасма" номинациясынын жеңүүчүсү болуп "Биртууганчик" тасмасын аталган. Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн РФтин эмгек сиэирген артисти Наталья Аринбасарова, ал эми улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн белгилүү режиссер Нуртай Борбиев сыйланды. 

Аринбасаровага сыйлыкты "Ата Мекен" фракциясынын депутаты жана вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева тапшырды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгынын расмий өнөктөшү болуп саналат.

292
Белгилер:
кино тасма, сыйлык, Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы, "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы
Тема:
"Ак илбирс" — 2016 (14)
Тема боюнча
Көчмөндөр оюндарында чыныгы улак тартылат
"Тайлак баатыр" тасмасы эки депутат жазган сценарий менен тартыла турган болду