Жаш муунду ойлоп табуучулукка кызыктыра турган көргөзмө өтөт

Жазылуу
Иш-чара ойлоп табуучулук, өнөр жай, айыл чарба, балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүк тематикалык бөлүмдөр боюнча өткөрүлөт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) "Интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар – 2016" республикалык көргөзмөсүн өткөрөт. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бул иш-чара менен жарандардын көңүлүн өлкөнүн инновациялык мүмкүнчүлүктөрүнө буруу, өсүп келаткан муундун ойлоп табуучулукка кызыгуусун арттырууга басым жасайт",— деп билдирди Кыргызпатент.

Калем кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автордук укуктун сакталышы тегерек столдо талкууланат
Максат — Кыргызстандагы интеллектуалдык жана инновациялык ресурстарды көрсөтүү, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын өнүгүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дараметтүү инвесторлорду табуу, жаңы ишкерлик байланыштарды жана өнөктөш мамилелерди жөнгө салуу.

Көргөзмө ойлоп табуучулук, өнөр жай, айыл чарба, балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүк тематикалык бөлүмдөр боюнча өткөрүлөт.

Көргөзмөнүн ишине ойлоп табуучулар, министрликтер жана ведомстволордун, бизнес жамааттардын, ЖОЖ, илимий изилдөө институт жана борборлордун өкүлдөрү катышат.

Көргөзмө 19-20-майда Бишкек шаарында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0