Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Франциядагы кино маркетте коюлууда

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүКанны шаарына көрүнүш. Архив
Канны шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасма февралдын башында Индиянын Бангалор шаарында өткөн VIII Эл аралык кинофестивалга катышып, Азия тасмаларынын сынагында мыкты картина аталган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кинорежиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Франциянын Канн шаарындагы кино маркетте көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Иш-чара Канн шаарында 11-майда башталган, ал 21-майга чейин уланат.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Асман алдында" тасмасы X эл аралык "Зеркало" сынагына катышат
Канндагы өтүүчү тасма маркети киночуларды колдоо иретинде 1959-жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чара режиссерлордун, актерлордун жана продюссерлердин ишмердүүлүк масштабын кеңейтип, жаңы таанышууларга, өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк түзүп берет

Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында Кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган. Жалпы бюджети 6,5 миллион сом. 

Башкы ролдорду Жамал Сейдакматова, Таалайкан Абазова, Анвар Осмоналиев, Нуржигит Канаев, Мунара Дооронбекова, Асан Амановдор ойногон.

Тасманын эл аралык премьерасы былтыр август айында Канаданын Монреаль шаарында өтүп, толук метраждуу дебют картинасы номинациясында атайын сыйлыкка татыган.

"Асман алдында" тасмасы февралдын башында Индиянын Бангалор шаарында өткөн VIII Эл аралык кинофестивалга катышып, Азия тасмаларынын сынагында мыкты аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0