Бийчи Атай Өмүрзаков менен "Тумар КР" тобу эми англиялык продюсер менен иштешет

© AFP / NIKLAS HALLE'NБиг-Бен саатындагы желек. Архив
Биг-Бен саатындагы желек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык бийчилер Britain's got talent телешоусунун кийинки туруна өткөн болчу.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков менен "Тумар КР" тобу Britain's got talent телешоусунун калыстар тобунун мүчөсү жана продюсер Саймон Коуэлл менен келишим түздү. Бул тууралуу бийчилердин менеджери Айбек Мирбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Instagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Атай Өмүрзаковдун 10 ийгилиги
Белгилей кетсек, май айынын башында кыргызстандык бийчилер Britain's got talent телешоусуна катышып, калыстар — Саймон Коуэллди (продюсер), Дэвид Уолльямсты (актер), Аманда Холденди (актриса) жана Алиша Диксонду (ырчы) жана көрөрмандарды катуу таң калтырган.

Мирбековдун айтымында, мекендеш таланттар азыр телешоунун кийинки туруна катышуу үчүн даярдыктарды көрүп, Лондондо жүрөт.

Тумандуу Альбиондогу телешоу аяктагандан кийин келишим толук күчүнө кирип, кыргызстандык бийчилер дүйнөлүк деңгээлдеги бир нече номерлерди даярдай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0